Барскоондуктар Кумтөргө кетчү электр кубатын өчүргөнү турушат

БИШКЕК. Барскоон-Кумтөр жолун тосуп турган беш айылдын тургундары коюлган талаптар аткарылбаса эртең 14- ноябрда Кумтөргө кетчү электр кубатын өчүрүшөт. Бул тууралуу Жетиөгүз районундагы “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева билдирди. Эскерте кетели, Чоң Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Тосор айылдарынын тургундары 10-ноябрдан бери жолду бууп, Кумтөргө бир да машина өткөрбөй жатышат. Басркоон кырсыгынан жапа чеккен айылдардын элинин талаптары жөнүндө Эркингүл Иманкожоева буларды айтты:

- Эл 98-99 жылдары бул компаниянын айынан түшүмсүз калган, ошого компенсация сурап атышат. Кумтөргө жумушка 60-70 пайыз жетиөгүздүктөр алынсын, диагностикалык борборду иштетип, беш айылдын эли медициналык кароодон бекер өткөрүлүп турсун. Ошондой эле бул айылдардын эли экологиялык кырсыкта жапа чеккен деген статус берилсин, деген талаптар коюлууда.

Алар буга чейин 27-июлдан 3-августка чейин Барскоон-Кумтөр жолун тогуз талап менен тосушкан. Анын негизинде түзүлгөн мамлекеттик комиссия коюлган талаптарды аткара алган жок.