БИШКЕК.Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча 14-эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Беш күнгө созулган мөөрөй талашууга Казакстандын улуттук техникалык университетинин, Чүй, Жалалабад, Ош, Талас жана Ысыккөл облустарынын, Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын, ички кызмат аскер бөлүгүнүн, ардагерлердин “Беш сары” командасы, армиянын спорт клубунун “Сольвейт” командасы күч сынашты. Жыл сайын бул мелдешке келип жүргөн Нарын облусунун командасы каражаттын жоктугунан катышпады. Беш күндүк таймашуунун жыйынтыгында финалдык баш байге үчүн ички кызматтын аскер бөлүгүнүн жана аскер спорт клубунун”Сольвейт” командасы беттешти. Беш таймга созулган мелдеште 3:2 эсебинде “СКА-Сольвейт” командасы жеңишке жетти. Үчүнчү орун Жалалабад облусунун командасына ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Кыргызстан сүрөтчүлөр кеңешинин атайын сыйлыгын өлкөнүн эл сүрөтчүсү, Сүймөнкул Чокморовдун шакирти Абдрай Осмонов экинчи орунду ээлеген ички кызмат аскер бөлүгүнүн командасына ыйгарды.