Казакстанда белгилүү оппозициялык саясатчы Нуркадиловдун өлүгү табылды

Кечээ күнү кечинде Алматыдагы үйүндө казак оппозициясынын жетекчилеринин бири Заманбек Нуркадиловдун өлүгү табылды. Анын башына ок атылган жана жанында тапанча жаткан. Нуркадилов мурда Алматынын мэри, андан соң күтүүсүз кырдаалдар министри болуп иштеген, мындан эки жыл мурда болсо оппозиция тарапка өтүп кеткен жана президент Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүн катуу сындап келген. 4-декабрда Казакстанда президенттик шайлоо өткөрүлөт жана Нуркадилов оппозициялык талапкер Жармахан Туякбайдын тарапкери болчу.