Барскоондуктар жол тосууну токтото элек

БИШКЕК. Барскоон кырсыгында жабыр тарткан беш айылдын тургундары Барскоон-Кумтөр жолун тосууну 12-ноябрда да улантышты. Жол тосуу 10-ноябрда кайрадан башталган. Бул тууралуу «Карек» бейөкмөт уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, 14-ноябрга чейин коюлган талаптар аткарылбаса Кумтөргө кетчү электр кубаты өчүрүлөт.

Чоң Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Тосор айылдарынын тургундары ушул жылы 27-июлдан 3-августка чейин Барскоон-Кумтөр жолун тогуз талап менен тосушкан. Анын негизинде мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Бирок Иманкожоеванын айтымында, алардын ичинен бир гана талап аткарылып, калганы ачык бойдон калды. Ал эми калк ириде 1998-жылкы Барскоон кырсыгындагы моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылып жатат. Аталган жылы «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасына таандык автоунаа учураган кырсыкта 20 тонна цианид Ысыккөлгө куюлчу Барскоон суусуна төгүлгөн. Март окуясынан кийин буга байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын тыянагын жергиликтүү калк кайра кароону талап кылышууда.