Президент Түркиянын мамлекеттик министри менен жолукту

БИШКЕК. 12-ноябрда өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев Түркиянын мамлекеттик министри Мехмет Айдын менен жолугушту. Анда президент 1991-жылдан бери Түркия Кыргызстан менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип келе жатканын белгилеп, кыргыз тарап бул өлкө менен бардык тармакта, айрыкча маданий-гуманитардык жана экономикалык тармакта кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирди. Курманбек Бакиев ошондой эле бул күндөрү 10 жылдык мааракесин белгилеп жаткан “Манас” кыргыз-түрк университетинин иши ийгиликтүү жүрүп жатканын айтуу менен эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгына өзгөчө баа берди. Түркиянын мамлекеттик министри Мехмет Айдын да соңку 10 жылда эки өлкө маданий-гуманитардык кызматташтыкта бир топ ийгиликтерге жетишкенин, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер мындан ары да чыңала берээрин белгиледи. Бул тууралуу ушул эле күнү президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.