Карасууда жер чатагы басыла элек

ОШ. 12-ноябрь күнү эртең менен Папан жана Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнүн тургундарынын ортосунда тирешүү кырдаалы пайда болуп, абал чатакташууга айланып кете жаздады. Курчуп кеткен кырдаалдан улам Ош облустук ички иштер башкармалыгынын эки жүзгө жакын милиция кызматкери келип, кырдаалды жөнгө салууга аракеттеништи. Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев кечки саат төрткө карата кырдаал турукташып калгандыгын билдирди. Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары жер комиссиясы талашка түшкөн 42 гектар участоктун 26 гектарын Папан айыл өкмөтүнүн жерге муктаж тургундарына бөлүп берүү боюнча чечим чыгаргандыгын билдирди. Бирок губернатордун биринчи орунбасарынын сөзүнө караганда, эки тарап тең жер комиссиясынын чечимине канааттанбай жатышат.