Ливандын президенти Бириккен Улуттардын тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берди

Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлтүрүлүшү менен байланыштуу тергөө жүргүзүп жаткан Бириккен Улуттардын атайын комиссиясынын эки мүчөсү кечээ күнү Бейрут шаарында Ливандын президенти Эмиле Лахуд менен жолукту жана президент алардын суроолоруна жооп берди. Комиссия мурда тараткан маалыматтарга караганда, 14-февралда болгон террор аракетин уюштурууга кошуна Сириянын коопсуздук кызматы жардамдашкан, президент Лахуд болсо сириялык жетекчиликке жакындыгы менен белгилүү. Сирия бардык күнөөлөрдү четке кагууда.