ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨРТТӨГӨН АСАН ЭРКИНБАЕВДИН АБАЛЫ КАНДАЙ?

  • Ырысбай Абдыраимов
11-ноябрда өзүн-өзү өрттөгөн Асан Эркинбаев учурда Жалалабат облустук ооруканасында дарыланууда. Азырынча аны менен сүйлөшүүгө уруксат берилбеди. Асан Эркинбаев иниси маркум депутат Баяман Эркинбаевди атып өлтүргөндөр табылбастан, камакта жаткан анын жан сакчылары бошотулбаганына нааразы болуп өз өмүрүн кыйууну чечкен. Облустук бийлик Баяман Эркинбаевдин туугандарынын талабын аткаруу боюнча аракет жасоодо.
Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин агасы Асан Эркинбаев бийлик менен укук коргоо, күч органдарына койгон 9 талабы аткарылбагандыктан өзүн өзү өртөөгө барган. Ал учурда облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө дарыланууда. Асан Эркинбаевдин ден-соолугуна көз салып турган карындашы Зулфия Эркинбаеванын айтымында агасынын абалы оор:

- Жылдызбекти 9-сентябрь күнү уулап өлтүрүштү. 21-сентябрь күнү Баяман агамды экинчи жолу атып өлтүрүштү. Баямандын сакчыларынын бардыгын камап салышты. Ушул күндө 11 бала түрмөдө жатат, 2 баланын акыркы эки айда аты-заты да жок, дайынсыз. Качып кеткенин, же аларды өлтүрүп койгонун биз билбейбиз. Биз президенттен аткан адамды эмес, буйрук берген адамды таап берсин деп талап кылып отурабыз.

Реанимация бөлүмүнүн башчысы Пазылжан Койлиев Асан Эркинбаевдин абалы орточо экендигин билдирди:

- Асан Эркинбаевдин башы, бети, мойну, көкүрөгү жана колдорунун учтары күйгөн.

Облустук бийликте маркум Баяман Эркинбаевдин туугандарынын талабын аткаруу боюнча тегерек үстөл талкуусу болуп өттү. Анда маркум депутаттын жээни Мурат Жусупов Баяман Эркинбаевди өлтүрүүгө жана анын жан сакчыларын камоого буйрук бергендерди да табуу милдетин койду:

- Буйрукту ким берген? Эки ай болду эки айдан бери чыгыш керек да. Жан сакчыларын, мени, Баямандын жанында жүргөндөрдү ким камасын деп буйрук берген? Анын үстүндө ким турат?

Депутаттын эжеси Жаркын Эркинбаева “Алай” мейманканасына кол салгандар жоопко тартылбастан, мейманкананы коргогондор соттолгондугуна, уулу Жылдызбек Чомоевдин өлүмү боюнча изилдөө жүрбөгөндүгүнө жана тогуз кожоюну бар Карасуу базары Эркинбаевдерден гана тартылып алынгандыгына капа болду:

- Карасуу базарында 9 кожоюн бар. Oшол 9 кожоюндун эч кимисиникин алган жок. Бир гана Баямандын менчигин алып алышты. Эмне алар Баямандан өзгөчөбү? Баяман эмне зыян келтирди? Курманбек Бакиев, Tекебаев келип ушул маселени чечип берсин. Болбосо жаныбызды кыйганыбыз кыйган.

Облустун губернатору Жусуп Жээнбеков Эркинбаевдердин Жалалабаттагы менчиктери корголорун айтып, мыйзам чегинде иш жасоого жана боз үйлөрдө турган күйүүчү майларды алып салууга чакырды:

- Мындан ары да мен жардам кылам. Эгерде мыйзам бузулган болсо мен тикеден-тик турам. Мен мыйзамды колдойм. 15-ноябрда Жогорку Кеңеште тогуз айлык отчет болот, ушул маселе боюнча да мени атайын чакырып атат. Мен барып, болгон ишти болгондой айтканга кудуретим жетет. “Алай” жана базар боюнча жооп бербей эле койойун, эгер апелляциялык арыз жазган болсо бул маселе Жогорку сотто каралат. Ал жакка менин тиешем жок.

Cүрөттө: Асан Эркинбаев өзүн-өзү өрттөгөндөн кийин