АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Иракка күтүүсүз сапар менен барды

Ирактын түндүгүндөгү Мосул калаасына барган Райс 15-декабрда өтө турган парламенттик шайлоодо Вашингтон эч бир саясий топту колдобой турганын билдирди. Ошондой эле ал Ирактагы сунни, шийи жана күрттөрдү биримдикке үндөдү. Андан бир күн мурдараак Багдаддагы ресторанда болгон жардыруудан 35 киши курман болгон.