Ясыр Арафаттын жылдыгы белгиленүүдө

Палестиндер былтыр 11-ноябрда дүйнө салган жолбашчысы Ясыр Арафаттын жылдыгын белгилеп жатышат. Палестин бийлигинин иш кеңсеси жайгашкан Рамалла шаарындагы аза күтүү жыйындарын президент Махмуд Аббас жетектөөдө. Ал узак жылдар бою палестиндердин боштондук кыймылынын символуна айланган Арафаттын таасири азыр да күчүндө экенин белгиледи. “Бир жыл ичинде Ясир Арафат элдин эсинен чыккан жок. Ал биздин жүрөгүбүздө, ар бир палестиндин, араб улутундагы адамдын көңүлүндө жашай бермекчи. Арафатты эстен чыгаруу мүмкүн эмес”, - деди палестин президенти. Палестин элин 40 жыл бою жетектеген Арафат былтыр 11-ноябрь күнү Франциядагы ооруканада көз жумган.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Венера Сагындык кызы даярдады