Айрым бейөкмөт уюмдар эл аралык аскердик күчтөрдү Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетүүнү талап кылышууда

БИШКЕК. Ооганстандагы согуштук аракеттердин активдүү бөлүгү аяктагандыгына байланыштуу Кыргызстандын аткаруу бийлиги «Манас» аба майданында жайгашкан эл аралык күчтөрдү өлкөдөн чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн аныктоосу керек. Мындай мазмундагы кайрылууну мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов башында турган “Евразиялык демилегелер” фонду тарабынан уюштурган талкуунун катышуучулары кабыл алышты. Бул тууралуу Аскар Айтматов, бейөкмөт уюмдар ассоцациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева 11-ноябрда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдиришти. Ошондой эле алар тегерек үстөлдүн атынан жакын арада аталган базанын өлкөнүн аймагында турушунун мыйзамдуулугун караган жыйын өткөрүүнү Жогорку Кеңешке сунуш кылышаарын, ошондой эле жана аскердик базанын жаратылышка тийгизген тескери таасири жана базадан түшкөн каражаттын колдонушун текшерүүнү талап кылышаарын айтышты.