Иордандын падышасы терроризмге каршы согушта коркпой турганын билдирди

Абдулла ошондой эле соңку бомба чабуулдарын уюштурган террористтерди колго түшүрүүгө убада кылды.

Кечээ баш калаа Амманда үч чоң мейманканадагы жардырууларда кеминде 56 кишинин өмүрү кыйылды. 100дөн ашык киши жараат алды. Курмандыктардын көпчүлүгү жергиликтүү атуулдар болду.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти Иордандын АКШ жана Израил менен кызматташканын айыптаган ал-Каида тобу өзүнө алды. Полиция жан кечтилердин сөөктөрүн тапкандыгын, алардын кимдер экендигин аныктоого аракет кылышаарын маалымдашкан.