АММАНДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРДЫ «АЛ-КАИДА» УЮШТУРГАНЫН ЖАРЫЯЛАДЫ

Иорданиянын борбору Амманда Батыш компанияларына таандык эң кымбат 3 мейманканада болгон жардыруу 60ка жакын кишинин өмүрүн алып, 100дөн ашуун адамды жарадар кылды. АКШнын чөлкөмдөгү эң жакын өнөктөштөрүнүн бири – Иорданиянын соңку тарыхында бул эң кандуу окуя болуп калды. Бейшембиде “ал-Каида” уюмунун Ирактагы бөлүмү Аммандагы жардырууларды биз уюштурдук, деп жарыялады.
Шаршембиде кечинде Аммандагы эң кымбат баалуу мейманканаларды титиреткен жардыруулар үрөй учурган көрүнүштөргө алып келди. “Рэдиссон” отелинде иорданиялыктардын чоң тобу үйлөнүү үлпөтүн тойлоп жатышкан экен.

- Абдан көп киши жараат алды, алардын арасында менин жакындарым, келинчегимдин туугандары бар. Менин атам, кайнатам, досторум каза болушту. Дагы бир досум ата-энесинен айрылды, бул бир тирукмуш окуя болуп калды.

Бул дал ушул күнү үйлөнүп жаткан Ашраф ал-Халеддин айткандары. Дагы эки бомба “Гранд Хайятт” жана “Дэйс Инн” мейманкаларын канга боёду. Негизинен батыштык меймандар байырлаган 3 мейманкана байманалуу иорданиялыктар арасында да популярдуу. Андыктан жардыруулардан каза тапкандар менен жабырлангандардын көбү – жергиликтүү тургундар болуп чыкты.

Иорданиянын премьер-министри Марван Муашер кандуу окуяларды жанкечтилер уюштурган болуу керек деген жоромолго токтолду:

- Биз азырынча жардыруулар эмне үчүн жана кандайча ишке ашканын билбейбиз. Үйлөнүү тою өтүп жаткан жерге кирип барып, өзүн өзү жардырган адам биздин өлкөгө, дегеле адамзатка эч кандай жакшылык каалабай турганы талашсыз.

“Азаттыктын” Аммандагы кабарчысы Хазем Мубайдин Иорданиянын коопсуздук кызматы жана жергиликтүү тургундардын көбү жардыруулардын артында “ал-Каиданын” Ирактагы көзүрү – Абу Мусаб аз-Заркави турат деп ишенээрин айтат:

- Иорданиялыктар Заркавинин уюму Аммандын Иракка карата саясатынан улам Иорданияга көптөн бери тиш кайрап келатканын билишет. Иорданиянын бийликтери Ирактагы саясий жараяндарды колдоп, өз элин ирактыктар менен ынтымакта болууга үндөп келатат. Андан сырткары Иордан бийлигинин Палестина мамлекетин түзүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы тынчтык аракеттерин колдогон саясаты да Заркавинин уюмун кыжырдантып келатканы белгилүү.

Айткандай эле бейшембиде исламчыл Интернет-сайтта жарыяланган билдирүүдө Иорданиядагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “ал-Каида” уюмунун Ирактагы бөлүмү өзүнө алды. “Ал-Каиданын” Ирактагы ишенген кожосу Абу Мусаб аз-Заркави Иорданияда төрөлгөн жана ал өз мекениндеги сот тарабынан 2003-жылы өлүмгө кесилген. Мындай жазага ал Иорданиянын аймагында АКШ менен Израилге каршы жасалган кылмыштар үчүн жооптуу деп табылганы үчүн кептелген. Заркави өзүн эң катаал өкүмгө буюрган сотко катышкан эмес, коопсуздук кызматтары ал ушу тапта Иракта жашырынып жүрөт деп шектенишет.

Эксперттер күн сайын улам бир кол салуу-чабуулдардын оту басылбай келаткан Ирактагы капсалаңдуу окуялар эми коңшулаш Иорданияда тутана баштады, деп айтып жатышат. Кантсе да, Иордания – АКШ жана башка Батыш өлкөлөрүнүн жакын өнөктөшү жана дал ушул өлкөдө башкаларга салыштырмалуу батыштык бизнес кыйла өөрчүп-өнүккөн.