ПАКИСТАНГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЖӨНӨТҮЛДҮ

10-ноябрда Бишкектин «Манас» аэропортунан жер титирөөдөн жабыр тарткан Пакистан өлкөсүнө гуманитардык жардам катары азык-түлүк, жылуу кийимдер жана темир мештер жүктөлгөн учак жөнөтүлдү. Жардамдын жалпы наркы бир миллион сомго барабар.
Пакистанда 8-октябрдагы жер титирөөдө каза болгондордун саны өлкөнүн өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 73 миңдей кишиге жеткен. Буга чейин ал сан 57 миңден ашуун деп келинген. Зилзаладан 70 миңдей адам жаракат алып, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайсыз калган. Дүйнө коомчулугу жер титирөөдөн жабыр таркандарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов жер титирөөдөн жабыр тарткан Пакистан өлкөсүнө жардам берүүнү уюштуруу боюнча буйрукка кол койгон. Токтомго ылайык, гуманитардык жардамды чогултуп, аны Пакистанга жеткирүү милдети өлкөнүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигине тапшырылган. Ошондой эле Экономика жана каржы министрлигине чогултулган жардамды Пакистанга жеткирүү үчүн каражат бөлүү милдети жүктөлгөн.

Зилзаладан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүшкөнүн өлкөнүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Жаныш Үрүстөмбеков айтып, учурунда пакистандыктар дагы Кыргызстанга жардам бергенин белгидеди:

- Биз бардык мүмкүн болгон жолдор менен жардам көрсөтөбүз. Накталай акчага жылуу кийим-кече, тамак-аш сатып алдык. Мекеме, уюмдар дагы колдон келген жардамын аяган жок. Кыш жакындап келатканын эсек алып, темир мештерди да жөнөтүп жатабыз. Баш аягы 1 миллион сомдун товары жөнөтүлүп жатат. Керек десе, биздин куткаруучу отряд дагы жардам берүүгө даяр турат.

Бириккен Улуттар, АКШ, Британия, Кытай, Испания, Жапония, Сауд Арабия, Түркия, Орусиядан барган адистер аман калгандарды издөө иштерине катышып, бир топ иштерди бүткөргөн. Мындан 15 күн мурда Кыргызстандан дагы 15 дарыгер Пакистанга алгачкы жардамды жеткирип, жабыр тарткандарга жардам беришүүдө.

Зилзала бийик тоолуу аймактарда болгондуктан, жардам жеткирүү иши өтө татаал болуп жатканын, бул гумжардамды Пакситан менен биргелешкен “Галаксиэр” фирмасы бекер жеткирип баратканын өкмөттүн аппаратынын коргоонуу жана укук коргоо бөлүмүнүн эксперти Рыскелди Асанкожоев айтты:

- Пакистанга шашылыш колдоо көрсөтпөсөк, жер титирөөдөн аман калган далай адамдын өмүрүнө коркунуч келип турган учур. Учурда биздин 15 дарыгер Пакистанда иштеп жатышат. Алар ушул учак менен Кыргызстанга кайтып келишет.

Сегиз баллга жакын болгон зилзаладан аман калгандар чатырларга, жууркан-төшөк, азык-түлүккө жана медициналык жардамга муктаж. Ошондуктан пакистандыктарга жылуу кийим, азык-түлүк, чатыр жана меш жеткирип баратабыз деди, Пакистандагы Кыргызстандын башкы консулу Ислам Рыскулов.

- Зилзаланы эч ким болтурбай кое албайт, бирок чатыр, тамак-аш, таза суунун жоктугунан ооруулар көбөйүп, кыш түшүп келатканда адамдар сууктан кайыгып, жабыр тартып жатышат. Ошондуктан биз негизинен жылуу кийим-кече, тамак-аш жана чатыр жеткирип баратабыз. Бул кыргызстандыктардын жардамы.

Жакындап келаткан кышты ачык асман алдында өткөрүү коркунучуна кабылган пакистандыктарга жардамды унаа акысын албай, бекер жеткирип бараткан “Галаксиэр” фирмасынын директорунун орун басары Сулейман Кулиданов кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди:

- Кыргызстандын гуманитардык жардамын “Альхади” турфирмасы менен биргелешип Пакистанга бекер жеткирип баратабыз. Ушундай кыйын күндөрү жардам берген кыргызстандыктарга абдан ыраазыбыз. Бул Пакистандын тарыхындагы эң апаат окуя болду. Мындан ары дагы Кыргызстан менен биргелешип кызматташып, достук байланышыбыз чыңдала бермекчи.

1 миллион сомдук гумжардам жүктөлгөн учак 10-ноябрда Бишкектен Пакистанды көздөй сапар алды.