«БИЗ АЗЫР ЖЫРТЫК ТЕПШИБИЗ МЕНЕН АФРИКАДАГЫ ЧАДГА ТЕҢЕЛИП КАЛДЫК»

Парламент Данияр Үсөновду өкмөт башчынын биринчи орунбасарлык кызматына дайындоого макулдук берген жок. Башта анын талапкерлигин жактап президентке кайрылуу жолдогон 42 депутаттын 17си гана Д. Үсөновду колдоп добуш беришти. Парламентчилердин позициясынын ыкчам өзгөрүп кетишине кандай себеп-жагдай түрткү болду экен?
«Эске салып кетүү керек, Данияр Үсөновду кулаткан парламенттин 42 депутаты кечээ эле К. Бакиевге «биринчи вице ушул болуш керек» деп кайрылышты эле. Андан бери эмне өзгөрдү? Парламентарийлерде принцип деген барбы? Алардын позициясы не үчүн бат алмашат?», деп жазат Нурдин Сейитов жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде.

Инсандын тарых сыноосунан өтүшү дайым эле оңунан чыга бербестиги ушул эле гезиттеги Шайлообек Назаралиевдин «Президенттер» деген макаласында баяндалган. Кыргызстандын жаңы бийлигине сыноодон өтүүгө дагы төрт жыл убакыт бөлүнгөн. «Биз азыр жыртык тепшибиз менен жашоо деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң акыркы орунда турган Чадга теңелип калдык. Коңшу Өзбекстанды, Казакстанды албайлы, кечээле согушуп жаткан Тажикстандан да арттабыз», дейт макала автору.

Ал эми экс-депутат Бегиш Ааматовдун ырасташынча, азыр Акаев заманынан эч кандай өзгөрүү жок. «Анан кайра Конституциялык кеңешме деп Акаевден калган, ашмалтайы чыккан жорукту башташты. Саясий шылуундардын, дүжүр аял-эркек, чал-кемпирлердин жыйыны деп койсок болот, Конституциялык кеңешмесин». Б.Ааматовдун пикири «Алас» гезитинин 1-санында жарыяланган.

Ушул эле ой Алым Токтомушевдин «Голубой эместер» деген макаласында улантылган. «Акаев өзү жок. Бирок саясаты чып-чыргасы коробой улантылып жатат. Азыркы бийлик жаңы эчнерсе ойлоп чыкпады. Ашмалтай жол», деп жазат макала автору.

Кийинки 5-7 жыл ичинде жаза өтөө жайларында жыл сайын миңден бир миң үч жүзгө чейин киши аркыл себептер менен каза табышкан, деп маалымдайт саясат таануучу Токтогул Какчекеев «Бишкекте баары тынчпы?» деген макаласында. Абактарды кылмыштуу топтордун лөктөрү башкарып, кыңыр иштин чуусу чубала баштаганда Юстиция министрлигинин жооптуу кызматкери дарек-дайынын таптырбай житип жок болду. Автордун ырасташынча, коомдогу чарпылуулар абак жайларында да көрүнүшү керек эле. Т. Какчекеевдин макаласы 11-ноябрдагы «Кыргыз руху» гезитинде жарыяланган.

Криминалдык лидер Азиз Батукаевдин түрмөдөгү ээн-жайкын турмушу, жаза өтөө жайларында тартип орнотуу аракети жөнүндө жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Б. Шаматовдун «А. Акаев заманында «вор в законе» А. Батукаев түрмөдө кандай жашаган?» деген макаласында баяндалган. Жаза өтөө башкармалыгынын, абак жайлардын айрым жетекчилери кызматтан алынганын ушул эле гезитте Адилет Жолдошев маалымдаган.

«Криминал менен көз ымдашсаң, кутулбайсың», дейт милициянын генералы Кеңешбек Дүйшөбаев. «Цивилдүү, укуктук мамлекетте мындай көрүнүш болбош керек», дейт милиция генералы жума күнкү «Агым» гезитинде жарыяланган маегинде.

Кошмо Штаттардын «Манас» абамайданындагы Ганси аба базасынын тагдыры, ижара акынын көбөйтүлүшү, асманга төгүлгөн авиакеросин тууралуу 11-ноябрдагы «Аалам» гезитинде Семетей Талас уулунун макаласы жарык көрдү. Басылмада Б. Апышевдин коррупцияга каршы күрөшүү кандай жүрүп жатканына токтолгон макаласына да орун берилген.

Энергетика тармагын концессияга берүү, энергия өндүрүшчүлөрүнүн учурдагы абалы, башында тармакты жеке колго өткөрүүгө каршы болуп келгендердин бийликке жеткенден кийин позициясын өзгөртүп алышкандыктары жума күнкү «МСН», «Кыргыз туусу» гезиттериндеги Елена Скородумаованын, Нарынкүл Назаралиеванын макалаларында козголгон. «МСН» гезитинде В. Тимирбаев журналисттин эркиндиги, бийлик менен мамиле-катышы тууралуу ой жүгүрткөн. Автордун ырасташынча, журналистте ириде ички эркиндик, жан-дүйнө, акыл-эстин өргө чапкан чабыты болуш керек.