Редакциялык комиссия Конституциянын жаңы редакциясына тиешеси жоктугун билдирди

БИШКЕК. 10-ноябрдагы Редакциялык комиссиянын отурумунда Баш мыйзамдын жаңы редакциясына Редакциялык комиссиянын тиешеси жок, деген пикирлер айтылды. Жыйынга катышкан комиссиянын 26 мүчөсү Конституциянын жаңы редакциясы экс-президент Аскар Акаевдин учурундагы Баш мыйзамдан негизинен айырмасы жок экендигин билдиришти. Ал эми Конституциянын жаңы редакциясы басма сөз каражаттарында басылып, жалпы элдик талкууга коюлат.

24-марттагы ыңкылаптан кийин Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча 114 адамдан турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, төрагалыгына спикер Өмүрбек Текебаев парламент тарабынан шайланган. Август айында Текебаев Конституциялык реформалоону башкарууга Курманбек Баиевдин талапкерлигин сунуштап, Конституциялык кеңешме жаңыдан түзүлүп, анын курамы 289 адамга жеткен. Редакциялык комиссиянын курамында 49 мүчөсү бар.