БИШКЕК. 10-ноябрда президент Курманбек Бакиевдин жардыгына ылайык, Камбаралы Конгантиев башкы прокурордук кызматка дайындалды. Анын талапкерлигин эки күн мурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары колдогон. Мамлекет башчысынын ушул эле күнкү жардыгы менен биринчи-вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Медетбек Керимкулов биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Медебек Керимкулов 1949-жылы 28-январда Чүй облусунун Ысыката районуна караштуу Кең булуң айылында төрөлгөн. Билими жогорку. 1972-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтун бүтүрүп, инженер-куруучу адистигине ээ болгон.