Коомдук уюмдардын жетекчилери Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту

БИШКЕК. 10-ноябрда бир катар коомдук уюмдардын, саясий партиялардын лидерлери президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Анда Конституциялык кеңешменин иши чаржайыт жүрүп, улуттук кызыкчылыктар эске алынбаганы айтылган. “Өзүбүздүн мамлекетибизди өркүндөтүүгө шарт түзөлү, улут катары сакталып калуу жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн иш жүзүнө ашыралы деген тилектеги саясий партиялар, коомдук уюумдар жана ишмерлер Конституциянын жаңы вариантына өз сунуштарбызды даярдап бергенбиз. Бирок президенттик администрациясынын түздөн түз көрсөтмөлөрү менен кеңешменин мамлекеттен толук көз каранды мүчөлөрүнүн басымдуу пикирин уюштуруу аркылуу ал сунуштар толук бойдон четке кагылып жатат. Кеңешменин ичинде нааразылык күчөөдө”, - деп жазылган кайрылууда. Алар бул маселенин айланасында өз пикирлерин билдирүү максатында президент Курманбек Бакиевдин жеке кабыл алуусун өтүнүшкөн.