Президент администрация башчысы шайлоого партиялык тизменин киргизилишин жактайт

БИШКЕК. Президенттин администрация башчысы, «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков Конституциянын жаңы долбооруна партиялык тизменин киргизилишин жактайт. Анын оюнда, партиялык тизме шайлоонун кеминде 50 пайызын түзүшү керек. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна берген маегинде Үсөн Сыдыков буларды билдирди:

- Менин оюм боюнча, коркпостон туруп, партиялык тизме менен шайлоого жалпы депутаттардын санынын эң кеминде 70 пайызын бериш керек. Эң аз болгондо 50 пайыздан кем болбош керек. Эмнеси бар экен, бул сапар жетилбесе, эмкиде жетилет.

Үсөн Сыдыковдун пикиринде, партиялык тизме кыргыз элиндеги уруучулук проблемасынын жолун бөгөй. Буга чейин президент Курманбек Бакиев партиялык тизмеге байланышкан суроого берген жообунда можаритардык-пропорционалдык тизмеге байланыштуу жобонун Конституциянын жаңы долбооруна киргизилишин жактабай тургандыгын билдирген. Президенттин баамында, мындай маселелерди Шайлоо кодекси аныкташы керек. Ал эми Кыргызстан үчүн кубаттуу, бирдиктүү, Кыргызстан эле эмес, КМШ алкагында Кыргызстандын бирдиктүү саясатын жүргүзүүгө кубаттуу партия керек.