БИШКЕК. 10-ноябрда Бишкектеги “Аларча” көрүстөнүндө Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, маркум Байдылда Сарногоевдин эстелиги ачылды. Эскерүү аземине Сарногоевдин үй бүлөсү, жакындары, акын-жазуучулар келишип, анын адамгерчилиги, кыргыз поэзиясына кошкон зор салымы тууралуу айтышты. Маркум Байдылда Сарногоев өткөн жылы 19-ноябрда 72 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.