Өзбекстанда журналист өзүнө кол салуу болгондугун айтууда

Алексей Волосевич кечээ Ташкендеги батиринин сыртында өзүнө беш жаш адам кол салып, боёк чачып кеткендигин, батиринин эшигин да ишпалдасын чыгарышканын билдирди. Журналист жеңил жараат алган. Волосевичтин ырастоосун көз карандысыз булактан бышыктоо мүмкүн болгон жок, өзбек бийликтери бул тууралуу билдирүү жасай элек.