Сирияга жакын жерде жайгашкан Ирактын Хусайба шаары козголоңчулардан тазаланды, деп билдирүүдө Ирактагы Американын аскер командачылыгы. Ирак аскерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн аскерий операцияда 36 жоочу өлтүрүлүп, 186 туткунга түшүрүлдү. Операция учурунда бир америка аскери окко учкан. Ал эми Баакуба шаарында бомба салынган автоунаанын жардырылышынан кеминде беш полиция кызматкери набыт болду. Ирак бийлиги 15-декабрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында террордук акциялар күч алат, деп чочулоодо.