Нальчикте жоголгон диний эксперт изделүүдө

Орусиянын Кабардин-Балкар Республикасынын прокуратурасы ислам эксперти Руслан Накушевдин дайынсыз жоголуп кетиши боюнча кылмыш ишин ачты. Нальчиктеги Ислам борборунун башчысы Накушев беш күн мурун жоголгон. Анын жакындарынын айтымында, ал Федералдык коопсуздук кызматынын сурагынан кийин табылбай калган. Шаардын прокурорунун айтымында, Накушевдин жоголушу боюнча кылмыш иш ал кезектеги суракка келбей калгандан кийин козголду.