Рысбек Акматбаевдин соту кийинкиге жылдырылды

БИШКЕК. Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмыштуу дүйнөдө «авторитет» делинген Рысбек Акматбаев баштаган тогуз адамдын үстүнөн козголгон кылмыш ишин кароону 14-ноябрга жылдырылды. Райондук сот мындай чечимди бул күнкү сот жараянына айыпталуучу Рысбек Акматбаев сыркоолоп келбей калгандыгына байланыштуу кабыл алды. Рысбек Акматбаев баштаган тогуз адамга буга чейин үч адамды өлтүрүп, бир адамдын өмүрүнө кол салган деген айыптар тагылууда. Киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөрдүн арасында ИИМдин кызматтык кылмыштарга каршы башкармалыгын жетекчиси полковник Чыныбек Алиев да бар.