Бээжинде Түндүк Кореянын өзөктүк программалары боюнча кезектеги сүйлөшүү башталат

Эртең Бээжин шаарында Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселе боюнча алты тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы башталууга тийиш. Түштүк Кореянын президенти Но Му-хен бүгүн билдиргенге караганда, сүйлөшүү ийгиликтүү аякташ керек. Сентябрда өткөн сүйлөшүү учурунда Түндүк Корея өз программаларын токтотууга макул болгон, бирок ал үчүн дүйнө коомчулугунан кубат жана коопсуздук кепилдигин талап кылган.