АКШ менен Кыргызстандын сүйлөшүүлөрү уланат

БИШКЕК. АКШ америкалык аскердик база жөнүндө Кыргызстандын койгон талаптарына туура эмес карайт, бирок кайсы бир бөлүгүн аткарбаска чарасы жок. Мындай пикирин белгилүү саясат таануучу Нур Омаров “Азаттыкка” 8-ноябрда билдирди. Анын пикринде, Өзбекстан АКШдан аскердик базасын чыгарып кетүүнү талап кылгандан кийин америкалык бийлик Кыргызстандын бул талаптары менен эсептешпегенге аргасы жок. Бирок Нур Омаров кыргыз тарап туура жана адилет талаптарды коюп жатат, деп эсептейт.

Кыргыз бийлиги АКШга аскердик база үчүн каражатты көтөрүү маселесин коюп жатат. Ага чейин 5-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун Астандагы жыйынында Борбор Азиядагы аскердик базаларды чыгаруу маселесин көтөргөн. Ганси базасы Кыргызстанга 2002-жылы жайгашкан. Учурда анда 1200гө чукул аскер бар.