БИШКЕК. 9-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Рысбек Акматбаев баштаган 8 адамдын үстүнөн сот жараяны башталат. Аларга үч адамды өлтүргөн жана бир адамдын өмүрүнө кол салган деген айыптар тагылууда. Рысбек Акматбаев буга чейин журналисттерге бул айыптар мурунку бийлик тушунда жөн жерден тагылганын жана аларды мойнуна албастыгын билдирген. Ал 31-колонияда 20- декабрда киши колдуу болуп каза тапкан депутат Тынычбек Акматбаевдин бир тууган агасы. Айрым маалымат каражаттары Рысбек Акматбаев инисинин ордуна Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат, деп жазышууда.