Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

ТАЛАС. Талас облусунда 18-декабрда өтүүчү айыл өкмөт башчыларын шайлоо өрөөндөгү 37 айыл өкмөтүнүн ичинен 33 гана айыл өкмөтүндө өтөт. Төрт айыл өкмөтүнүн башчыларынын ыйгарым укуктуу мөөнөттөрү али аяктай элек. Бул күндөрү Карабуура районунан 19, Бакайата районунан 14, Талас районунан 1 адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бул иш чара 12-ноябрь күнү аяктайт. Бир эле мезгилде участкалык шайлоо комиссияларынын курамына мүчөлөрдү көрсөтүү жүрүүдө. Бул сапар добуш берүү 115 эмес, 98 гана шайлоо участогунда жүрөт.