Аба ырайы

БИШКЕК. 9-ноябрда Кыргызстандын аймагы боюнча мелүүн жел жүрүп турат. Жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +15...+20 градус жылуу. Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22 градус. Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +9...+14 градус. Ал эми Нарын аймагында болсо түнкүсүн -4 градустан...-9 градуска чейин суук болот, күндүз +8...+13 градус жылуу. Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +16...+21 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы: түнкүсүн +1...+3, ал эми күндүз +18...+20 градус жылуу болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу