АЗЕРБАЙЖАНДА АЛИЕВДИН ПАРТИЯСЫ ЖЕҢДИ

Азербайжанда парламенттик шайлоодо мандаттардын басымдуу көпчүлүгүн башкаруучу партия алды. Оппозиция шайлоонун жыйынтыктарын тааныгандан баш тартып, массалык демонстрацияларды өткөргөнү жатат. КМШнын байкоочулар командасы шайлоону оң баалашты, ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясы Азербайжандагы шайлоо эл аралык стандарттардын бир катар талаптарына ылайык келген жок деп бүтүм чыгарды.
Борбордук шайлоо комиссиянын өкүлү ырастагандай, добуштардын ырасмий санагында башкаруучу партия алдыда баратат, экинчи орунга көз карандысыз талапкерлер чыкты. Президент Илхам Алиевдин башкаруучу “Йени Азербайжан” партиясынын өкүлдөрү азырынча өлкөдөгү 125 округдун алтымыш экисинде жеңишке жетишти, алардын арасында президенттин зайыбы Мехрибан Алиева, экс-президент Гейдар Алиевдин бир тууганы академик Жалал Алиев бар. Көз карандысыз талапкерлер кырк мандат алышты. Ал эми оппозициялык лидерлердин бирине да мандат тийген жок. Болгону “Мусават” партиясынын төрт, “Элдик фронттун” бир өкүлү гана парламентке өтүштү.

Оппозициялык “Азадлыг” коалициясы шайлоонун натыйжаларын тааныгандан баш тартты. “Мусават” партиясынын лидери Иса Гамбар күткөндөй эле шайлоо массалык түрдө бурмаланганын айтып, бардык маалыматтарды жалпылап, оппозиция тактикасын жана лозунгдарын тактай турганын билдирди. “Азадлыг” өз тарапкерлерин 8-ноябрда биринчи массалык демонстрацияга чакырып, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу үчүн күрөш баштаганы жатат. “Элдик фронт” партиясынын лидери Али Керимлинин айтымында, оппозиция конституциялык бардык ыкмаларды колдонуп, мыйзамдын негизинде өз укуктарын коргойт. Нааразылык акциялары ылгый тынч мүнөздө болот, элге каршы күч колдонгонго бийликке жүйөө бере турган эч кандай аракеттер жасалбайт.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныгандан баш тарткан оппозициянын чечимин айыптап, “Йени Азербайжан» партиясынын аткаруучу катчысы Али Ахмадов мындай билдирүүлөр шайлоодо жеңилгенин моюнга алгандан башка эчтемени ырастай албай турганын белгиледи.

Азербайжандагы шайлоого чет өлкөлүк 1600, жергиликтүү 17 миңдей байкоочу көз салышты. КМШнын байкоочулар миссиясы Азербайжанда шайлоо жалпысынан өлкөдөгү мыйзамдарга ылайык өткөнүн, айрым бир кемчиликтер болгонун, бирок ал добуштардын натыйжаларына олуттуу таасир тийгизе албаганын белгиледи.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясы бир катар позициялар боюнча шайлоо эл аралык нормаларга төп келген жок деген тыянак жасады. Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Еврокомиссия жетекчилеринин бири Бенита Ферреро-Валднер да чоң өкүнүч билдирди. Комиссардын айтымында, европалык байкоочулардын доклады менен кең-кесири таанышып чыккан соң Евросоюз бир жаңсыл бүтүмүн айтмакчы.