БИШКЕК. Бишкектеги коммунистер 7-ноябрда Улуу Октябрь социалистик революциясынын 88 жылдыгын белгилешип, Владимир Лениндин эстелигинин алдына гүл коюшту. Ошондой эле бул күндүн мани-маңызы тууралуу сөздөр, ураандар айтылды. «Коммунистер» партиясынын башчысы Клара Ажыбекова келечекте бүткүл дүйнөдө кайрадан социалистик түзүлүш жеңет деген бекем ишенимде:
- Биз бир чоң күчпүз. Акыры жеңишке жетебиз. Капитализм өзүнүн жаман жагын көрсөтүүдө. Адамдар өлүп, согуш болуп жатат. Анын баары байлык, бийлик үчүн болууда. Социализм мезгилинде андай нерселер болбойт. Ошондуктан адам заты эртеби, кечпи түшүнүп, кайра мындай түзүлүштөн баш тартат.
Мындай иш чарадан соң коммунистер Чүй проспектиси менен Жаш гвардия көчөсүнө чейин жөө жүрүш жасашып, үйлөрүнө тарашты. Бул күнкү иш чарага Кыргызстан коммунистер, Коммунистик партия өлкүлдөрү болуп, баш аягы үч жүздөй адам катышты.