Өлүм жазасын жойуу боюнча мыйзам долбоору парламентке сунушталды

БИШКЕК. Кыргызстандын аткаруу бийлиги өлкөдө өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жазып, Жогорку Кеңешке сунуштады. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу «Азаттыкка» 7-ноябрда маалымдады. Анын айтымында, эгерде бул мыйзам долбоору парламент тарабынан кабыл алынса өлкөдө өлүм жазасы алынып салынат. Кошумчалай кетүүчү нерсе, Кыргызстанда 1999-жылдан бери өлүм жазасына мораторий жарыяланып, жыл сайын президенттин жардыгы менен кийинкиге жылдырылып келет. Учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө 160дан ашуун өлүм жазасына тартылышкан атуулдар кармалып турушат.