Канберра Ооганстанга кошумча аскер жөнөтмөк болууда

Австралия өкмөтү Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүү маселесин келерки жумаларда чечет. Коргоо министри Роберт Хилл эки тарап 200 жоокерди Ооганстанда жолдорду, электр станцияларын, ооруканаларды жана мектептерди курууда пайдалануу маселесин сүйлөшкөн. Азыр Ооганстанда австралиянын 190 тандалма аскери бар.