Пакистан: Согушчандардын ордосундагы жардыруу 7 кишинин өмүрүн жалмады

Пакистандын түндүк батышында катуу жардыруу болду. Полиция согушчулардын турак жайы деп шектелген Мосаки кыштагында болгон жардырууда жети согушчан набыт болгонун, алардын төртөө чет элдиктер экенин маалымдады. Түндүк Вазирстандык уруулар контролдогон бул аймакта, бийликтердин айтышынча, “ал-Каида” менен байланыштагы араб, ооган жана борбор азиялык согушчандар баш паанек тапкан.