Парижде тополоң-тоз азайганы менен, өрт койулган учурлар көбөйдү

Франциянын баш калаасында сегизинчи түнү катары менен тополоң басылган жок. Кеминде 400 машина, эки кампа, бир автобус токтоочу жай өрттөлдү. Полицияга каршы ок атылган учурлар болду, бирок тартип когоочулардан эч ким жапа чеккен жок. Өкмөт башчысы Доминик де Вилапаң кечее тартипти калыбына келтирүүгө сөз берген эле. Ошондон кийин негизинен түндүк африкалыктар отурукташкан шаардын жакыр чет-жакаларында 1300 чакты полиция жайгаштырылды.

Тополоңдун чыгышына Париждин жака-белинде эки өспүрүм полициядан качып баратып көз жумган деген кабар түрткү болгон эле.