ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСТАНДА КУБАТТУУ ПАРТИЯ БОЛУШУН КААЛАЙТ

Президент Курманбек Бакиев журналисттер үчүн апта ортосунда уюштурган маалымат жыйынында саясий партияларга байланыштуу эки багытта көз карашын билдирди. Башкача айтканда, мамлекет башчы өлкөнүн бардык кызыкчылыктарына төп келген кубаттуу партия түзүлүшүнө кызыкдар. Экинчиден, партиялардын шайлоого катышуу тууралуу жобосунун Конституцияга киргизилишин жактабайт. Мындай көз караш коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, Кыргызстанда эгемендик жылдары пайда болгон саясий партиялардын саны алтымышка чукулдап калды. Бирок президент Курманбек Бакиев элге алардын он чактысы эле таанымал, кызыкчылыктары партия башчыларын коргоо менен чектелет деп эсептейт. Ошондуктан, жалпы элдик кызыкчылыкты көздөгөн бир партия түзүү зарылчылыгы бар:

- Бүт Кыргызстанда жашаган улуттарды бириктирип, аймактарда жашаган элди бириктирип, жалпы тынчтыкка, ынтымакка алып келген ушундай чоң бир жакшы партия түзүлсө жакшы болот эле. Жаштар да ошонун курамына кирсе. Кыз-келиндер кирсе, КМШ аймагында элдерди, мамлекеттерди кошконго умтулган ушундай партия болсо жакшы болот эле.

Өкмөт башчы, «Ар-намыс» саясий партиясынын негиздөөчүсү Феликс Куловдун оюнда мындай күчтүү саясий партияны түзүү үчүн мамлекеттик колдоо керек:

- Эгер саясий партиялардын мамлекеттик башкаруудагы, парламентти өкмөттү түзүүдөгү ролун Конституциялык негизде бекемдеп берсек, албетте, алардын таасири өсөт.

Конституциянын жаңы долбоорунда парламентке болжолдонуп жаткан 70 орундун үчтөн экиси партиялык тизме менен, калгандары жер-жерлерден шайлансын деген жобо киргизилген. Бирок президент Курманбек Бакиев саясий партияларга байланышкан ушул өңдүү жоболорду Конституцияга киргизбей эле Шайлоо кодекси аркылуу чечсе болот деп эсептейт.

Бул жагынан президентке караганда өкмөт башчынын көз карашына жакыныраак экенин «Менин өлкөм» саясий партиясынын координаторлорунун бири Галина Куликова билдирди:

- Бул өңүттө мен президентти колдобойм. Ал өтүмдүүрөөк болушу керек, өзү демократ, анын үстүнө аны шайлоо учурунда, ыңкылап кезинде саясий партиялар күжүрмөндүк менен колдошкон. Эгер ал минтип айта берсе бизде майнап чыкпайт.

Бирок Куликова президенттин саясий партияларга карата кабатырлануусуна тилектеш. Анын оюнда «Менин өлкөм», «Ар-намыс», «Кыргызстан элдик кыймылы» өңдүү материалдык колдоосу бар партиялар гана саясий турмушка аралашуу шарты болуп калат. Ошондуктан, бир партия түзүү эмес, саясий партиялар блокторго биригүү аркылуу күчтөнүшү керек.

Президенттин жалпы бирдиктүү партия түзүү оюн Конституциялык Кеңешменин мүчөсү Өмүрбек Абдыракманов коммунисттик партияга кайтып баруу катары сыпаттады:

- Аялдар бириксе, эркектер бириксе, бүт бийликтегилер бириксе, анан бир партия болуп башкарса, ушул өнүгүү болобу? Өнүгүү болбойт. Азыр Кыргызстанда ар кандай ойлор бар. Мына коммунисттик ойлор көп, улутчулдук ойлор көп. Демократиялык, либералдык ойлор бар. Мына ушулардын жарышы болушу керек.

Коомчулукта президенттин көз карашын «Алга Кыргызстан!» өңдүү бийликчил партия түзүү аракети менен байланыштыргандар да бар. Бирок Коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажибекова президент мындай ойду жакшы ниетте айтып жатат дейт:

- Жок, «Алга, Кыргызстан!» эмес. Курманбек Салиевич бир жакшы ниет ойлоп атат да. Бирок ал ою бүгүнкү биздин партиялардын деңгээлине, бүгүнкү экономиканын мүлк бөлүнүп калган шартына көп туура келбейт. Бирок ал киши партия башкарып, кийинки демократия келген маалда андай тажрыйбасы жок да чынын айтканда.

Ажибекованын пикиринде, ошондуктан, саясий партиялардын коомдогу таасирин Баш мыйзамга пропорционалдык-можаритардык системаны киргизүү жолу менен күчөтүү камын көрүү керек. Ал эми Конституциялык Кеңешменин мүчөсү Өмүрбек Абдыракманов партиялык тизменин киргизилишин Конституциянын долбоорундагы негизги өзгөчөлүк катары баалады.