Украина Орусиядан мурда Дүйнөлүк соода уюмуна кирбесе, андан кийин уюмга мүчө болуу татаалдайт, анткени Москва өз таасири менен Украинаны четте калтырууга аракеттенет, деп билдирди АКШда сапар менен жүргөн украин премьер-министри Юрий Ехануров. Украин өкмөт башчысы Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө АКШдан колдоо суроодо. Орусия соода уюмуна келерки жылы, ал эми Украина быйылкы жылдын аягында мүчө болууга аракеттенүүдө. Украин премьер-министри 2-ноябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр өткөргөн.