Нарын шаарында да айт намаз окулду

НАРЫН. Нарын шаарында айт намазы борбордук “Эркиндик” аянтында окулуп, мында келген мусулмандарды облус губернаторунун биринчи орунбасары Исабек Абдыгазиев, Нарын шаарынын акими Бейшеналы Боогачиев куттукташты. Намаз окугандардын саны 2 миң адамдын айланасында болсо, алардын дээрлик төрттөн үч бөлүгүн жаштар түздү. Облустук мусулмандар диний башкармасынын казысы Таалайтакыр Жакыповдун айтымында, быйыл орозо туткандардын саны көбөйгөн. Быйылкы жылы облуста типтүү төрт мечит курулуп, пайдаланууга берилген жана дагы үч мечиттин курулушу жүрүүдө. Облуста жалпысынан 56 мечит, 18 намазкана бар.