Орозо айт намазы Таласта жаңы ачылган мечитте окулду

ТАЛАС. Талас шаарынын миңге чукул мусулмандары айт намазын биринчи жолу облустук мечитте окушту. Айт намазга келгендерди облус мусулмандарынын казысынын орунбасары Касым Сыдыков куттуктады. Шаардык бийлик өкүлдөрү биринчи жолку салтанатка чакырылганы менен келе алышкан жок. Облустук борбордо ачылган жаңы мечит Талас шаарындагы төртүнчү мечит. Курулушу мындан бир нече ай мурда аяктаган бул мечит Иемендик соопкер Саид Боеменин каражатынын эсебинен курулган. Облус казысынын орунбасары Касым Сыдыковдун маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда каттоодон өткөн бир муфтият, 9 казият, чет элдик үч диний концессия, 7 диний жогорку окуу жайы, 31 медресе, 1590дон ашуун мечит калкты ыйман жолуна үгүттөө максатында иш жүргүзүүдө.