Жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоого даярдык тууралуу жыйын өтөт

БИШКЕК. 5-ноябрда Бишкекте Атуулдук коом жана шайлоо институту алдыда болуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого байланыштуу IV республикалык конференциясын өткөрөт. Бул тууралуу Брорбордук шайлоо комиссиянынын маалымат кызматынан билдиришти. Жыйында айыл, поселек, шаарчаларда өтүүчү жергиликтүү бийликтерди шайлоо учурунда добуштарды сатып алууга жол бербөө, мыйзамдуулуктун сакталышы, шайлоочулардын укугу тууралуу маселелер каралат. Конференцияны Борбордук шайлоо комиссиясы, Атуулдук коом демократия үчүн коалициясы БУУнун өнүктүрүү программасынын жана ЕККУнун колдоосунда уюштурууда.