АБАКТАРГА ЧАБУУЛ БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын абактарында кырдаал курч бойдон калууда. Айрым колонияларда жана тергөө абактарында ачкачылык чарасы уланып жатса, көпчүлүк абактар сыртынан гана кайтарылып турат. Тартип коргоо органдары болсо соттолгондордон курал-жарактын бардык түрүн тапшырууну талап кылышууда. “Азаттыкка” абактагылар өздөрү чөнтөк телефону аркылуу чалышып, милициянын атайын бөлүктөрү чабуулга даярданып жатат, деген тынчсызданууларын билдирип жатышты.
Молдовановкадагы абактардын биринен чөнтөк телефону аркылуу жазасын өтөп жаткан жигит “Азаттыкка” чалды. Анын айтымында, алар жаткан абакка жакынкы сааттарда чабуул болуп калышы ыктымал. Ал абактагылар сүйлөшүүгө даярдыгын, эч кимге кол салбастыгын айтты:

- Азыр колониянын ичинде милиция кызматкерлери да, дарыгерлер да жок. Баары бир күн мурда чыгып кетишкен. Ошол бойдон кирише элек. Биз болсо чабуул болот деп түнү менен күттүк. Курал-жарактарды тапшыргыла деп, бизге бир сутка мөөнөт беришкен. Бизде курал жок, болгону нан кескен бычактар бар. Келишсин, сүйлөшөбүз. Ошол бычактарды деле өткөрүп берели.

Биз менен сүйлөшкөн бул адам жаткан колонияда да ачкачылык кармап аткандар бар. Алар эң башкысы - бийлик эмне үчүн эскертүүсүз ок чыгарды, ошону түшүндүрүп берсин, деген талап коюшууда. Бул жигиттин айтымында, коңшу жайгашкан 31-колонияга чабуул болуп аткан учурда алар ок атышуунун үнүн угушкан. Кырдаалды түшүндүрүүнү суранып, 100дөй киши чогулуп калганда кароол жактан ок атылып, бир адам жарадар болгон:

- Биз чогулуп, эмне болуп жатканына түшүнбөй турдук. Ок атылып атканы даана угулуп атты. 100дөй киши чогулуп ооз жакка барсак, кароолдор бизди аткылап киришти. Бир адам жарадар болду.

Юстиция министрлиги билдиргенге караганда, айрым жаза өтөө жайларында ачкачылык кармагандар бар, бирок баары эмес. Ушул күндөрү абактагылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Шаршемби күнү кечинде Жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Капар Мукеев телеканалдар аркылуу абактагыларга кайрылып, кырдаалды түшүнүдүрүүгө аракет жасады. Юстиция министри Марат Кайыповдун айтымында, абактагылар тараптан баш ийбөөчүлүк болсо, күч колдонууга туура келет:

- Курал-жарактарын бербей, соттолгондор тизиле турган аянтчага чыкпай, бир сөзгө келбей турган болсо, чабуул кылууга туура келет. Сөзсүз күч колдонобуз, аны мен ачык эле айтам. Бирок азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт берип атабыз.

Бирок азырынча чабуул качан болуп кетээри белгисиз. 27-колониядан “Азаттык” менен чөнтөк телефону аркылуу байланышкан адам дагы жума күнү биздин абакка чабуул болот деген маалыматты угуп жатабыз дейт. Анын айтымында, абактын ичинде милиция кызматкерлери да, дарыгерлер да жок. Абактагылардын көпчүлүгү ачкачылык чарасын улантышты, деп билдирди жазасын өтөп жаткан адам.

Буга чейин Кыргызстанда журналисттер абактагы адамдардан телефон аркылуу түз интервью алган учур болгон эмес. Азыр алардын көпчүлүгүнүн чөнтөк телефондору бар экендиги дагы бул системадагы башаламандык менен коррупциянын белгиси, дейт министр Кайыпов. 31-колониядагы Азиз Батукаевдин жашоо-турмушу элдин баарынын эсин оодарганы дайын. Үч бээни желеге байлап коюп, эчкилерди саап ичип, билльярд ойноп жатчу экен. Марат Кайыпов буга чейин угуп жүрсөм, эми өз көзүм менен көрдүм дейт. Министр мунун баары коррупциянын кесепети деген оюн билдирди:

- Мамлекет камактагы адамдын бир күнүнө 17 сом берет. Анан кылмышкерлер общактын тамагын ичип, авторитетке көз каранды болуп атат. А кылмышкерлерге болсо аларды кайтарган, дарылаган кызматкерлердин баары көз каранды болуп атпайбы. Мамлекет аларга болбогон айлык берип атса... Курал-жарак, мал-салдан бери кантип кирип кетип атат, акчанын күчү менен да.

Президент Курманбек Бакиев 2-ноябрдагы маалымат жыйынында 31-абакка жасалган чабуулду кубаттап, керек болсо мындан да катуу мамиле болот дегендей турумун түшүндүрдү. Мамлекет башчынын пикиринде, бизге булар келсин, анан сүйлөшөбүз деп шарт койгонго мамлекет жол бербейт. Баса, президент 20-октябрда болгон кайгылуу окуяга да токтолуп, ошондо төрт адам өлүп атса колонияга эмнеге ошол замат чабуул жасалбаганын тергөө аныктаарын белгиледи.