27-ноябрга белгиленген Чеченстандагы парламенттик шайлоонун алдында батыш дипломаттары Грозный шаарына келишти. Европа Комиссиясынын Орусиядагы миссиясынын башчысы Марк Франко жетектеген дипломаттар Чеченстандагы абал жана шайлоого даярдыктар менен таанышмакчы. Маалыматка караганда, делегация ошондой эле саясий партия, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен да жолугушат.