Ирактагы Киркук шаарынын полиция башчысы жараат алды

Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында кечээ күнү 12-13 жашар бала өзүн-өзү жардырып жибергенден, шаар полициясынын башчысы Хаттаб Ирис Абдулла, анын айдоочусу жана эки жан сакчысы жараат алды. Абдулла Күрдистандын атуулдук бирикмесинини жетекчиси.