УКРАИНА ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНА ОРУСИЯДАН МУРДА ӨТҮҮНҮ ЭҢСЕЙТ

Нарын АЙЫП, Прага Украина жетекчилеринин айтымында, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирүүгө чакыруу алууга тийиш, анткени Маскөөдөн алдыда болуш керек.
1998-жылы Кыргызстан менен Грузия, андан соң 2001-жылы Молдова уюмга мүчө болуп кошулганда, алар уюмдун шарттарын аткаруу үчүн көптөгөн жаңы мыйзам кабыл алып, өздөрүнүн бир топ соода жоболорун өзгөртүп, ондогон сүйлөшүү өткөргөн, бирок эч китм менен атаандашкан эмес.

Өткөн жай айларында Украина өкмөтү дагы 14 жаңы мыйзам долбоорун даярдаган, бирок парламент алардын жарымын гана кабыл алды. Акыркы апталарда өкмөт өтпөй калган долбоорлорду оңдоп, дагы жаңы мыйзамдарды даярдады жана парламентке тапшырды.

Украинанын Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча борборунун деректири Олександр Рогозинскийдин айтымында, өлкө жетекчилиги былтыркы элдик ыңкылаптан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда таап, Дүйнөлүк соода уюмуна кандай болгондо да Орусиядан мурда мүчө болуп кошулууга аракеттенүүдө:

- Уюмга мүчө болуп кирүү менен Украина эркин экономика шарттарына өтүү багытында жок дегенде бир нерсени Орусиядан мурда жасаганга жетишет жана андан бир топ саясий да пайда табылаары бышык. Эң негизгиси, Киев - Маскөөдөн саясий жактан көз каранды эмес экенин көрсөтөт.

Анткен менен Украинадагы АКШнын Соода палатасынын президенти Орхей Зукоскинин пикиринде, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Украинанын мүчөлүгү тууралуу чечим чыгаары күмөн, бирок жетекчилик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер мактоого арзыйт:

- Дүйнөлүк соода уюмуна жылдын аягына чейин кошулуу максаты менен украиналыктар абдан күжүрмөн аракеттенүүдө. Бул максат азыр - алардын саясатындагы эң негизги приоритет. Ал тууралуу президент дагы такай айтууда жана жаңы өкмөт дагы ошого жараша аракеттерди көрүп жатат.

Бирок уюмдун президенти Паскал Лэйми жакында билдиргенге караганда, Украина үстүбүздөгү жылы Дүйнөлүк соода уюмуна чакырылаары күмөн. Орусия дагы чакырылбайт сыяктуу. Мүчөлүккө умтулган Сауд Арабиянын арызы болсо канааттандырылат деп айтылууда.