БИШКЕК. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн тобу 1-ноябрда билдирүү таратты. Анда мамлекет башчысынын катышуусундагы Конституциялык кеңешменин кеңейтилген жыйынында президенттин бийлигин күчөтүүгө, ага кошумча укуктарды берүү, Конституциялык сотту жойуу тууралуу үндөөлөр болгондугу айтылат. Ошондой эле Конституциялык кеңешменин ишинде ачык, айкындуулук азайып, демократиялык негиздер сакталбагандыгы, жыйын өткөрүлүп жаткан катуу кайтаруудагы өкмөт үйү кеңешменин жабык болушуна шарт түзүп атканы белгиленген. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн тобу кеңешменин төрагасы, президент Курманбек Бакиевге кайрылышып, Редакциялык топтун ишин коомчулукка ачык, айкын билдирип турууну өтүнүшкөн.