Т. Тургуналиев: “Премьер-министр Ф. Кулов отставкага кетиши керек”

БИШКЕК. Июль айындагы президенттик шайлоо алдында түзүлгөн Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосундагы тандем жөнүндөгү макулдашуу конституцияга каршы түзүлгөн, ошондуктан, ал кандайдыр бир юридикалык күчкө ээ эмес. Мындай пикирин 1-ноябрда «АКИпресс» маалымат агенттигинде «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын пикиринде, премьер-министр Феликс Кулов отставкага кетиши керек:

- Эгерде өкмөт башчысынын калпы чыгып калса, ал кызматынан кетиши керек. Ал эми Феликс Куловдун калпы чыгып калды. Биринчиден, ал депутат Тынычбек Акматбаев № 31 жаза өтөө жайына курал менен кирди деди. Ал калп болуп чыкты. Экинчиден, бир нече адамды атып өлтүргөн Абдулин психикалык жактан оорулуу деди. Ал да калп. Кулов өз ыктыяры менен кызматынан кетиши керек.

Ал эми айрым пикирлерге караганда, Бакиев-Кулов тандеми бузулса, ал өлкөдөгү туруктуулукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Президенттик шайлоодо да Курманбек Бакиев шайлоочулардын көпчулүгүнүн добушун алышы тандемге байланыштуу болгон.