Сербия жетекчилиги Косово аймагынын макамын сүйлөшүү аркылуу чечүүгө макул

Грекияга кызмат сапар менен келген Сербия жана Монтенегронун премьер-министри Воислав Коштуница кечээ күнү билдиргенге караганда, өлкөнүн Косово аймагынын макамы сүйлөшүү аркылуу гана аныкталууга тийиш. 1999-жылдан бери Косово Бириккен Улуттардын атайын башкаруулугунда. Аймактын калкынын 90 пайызын албандар түзөт, алар Сербия жана Монтенегродон бөлүнүүнү каалайт.

Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады