ЧУКУЛ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУГА КАЛК КАЙДЫГЕР

Эки жыл аралыгында өлкө аймагында жаратылыш кырсыктарынан 18 миңге чукул адам жабыр тарткан. Алардын 7 миңине мамлекет тарабынан ссуда берилген. Калганадары али күнчө материалдык колдоого муктаж. Ал эми жыл сайын жаратылыш кырсыктарынын саны кескин өсүп, анын алдын алуу боюнча иштер каржы маселесине келип такалууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өткөн жуманын этегиндеги коллегиясында аталган министрликтин өрткө каршы кызматтын башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы иш чарасы каралмак. Тилекке каршы министрдин орун басары Алмаз Камчыбеков бул темага даяр болбогонуна байланыштуу коррупция маселеси кийинкиге жылдырылды.

- Кыскасы коррупцияга каршы күрөшү боюнча маселе даяр эмес. Урматтуу Камчыбеков аягына чейин иштеп чыккан эмес. Биз жамааттын даттанууларын эмес, башкы башкармалыктын иштерин карашыбыз керек болчу. Бул тапшырманы аткарбаган тиешелүү жетекчилерге чара көрүлөт, - деди министр Жаныш Рустамбеков.

Министр ошондой эле ар бир депертаменттеги кызматкерлерди өз жумуштарына так, жооптуу мамиле кылууга көрсөтмө берди.

Жыйында Ош, Чүй облусунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчылары учурдагы абал менен тааныштырып, күйүүчү майлардын, техникалардын, финансы маселесинин тартыштыгын айтышты. Кыргызстан аймагындангы уран калдыктарын сактоочу жайлардын учурдагы абалы тууралуу министрдин биринчи орун басары Болотбек Айдаралиев буларга токтолду:

- Уран калдыктарын сактаган жайлар жайгашкан жерлер орчундуу проблемаларды алып келүүдө. Мисалы, Майлысайда 23 уран калдыктарын сактоочу жайлар бар. Ошону биз Дүйнөлүк банктын каражаты менен тартипке келтиришибиз керек. Ал эми Актүздө 4 объект бар. Аны биз Чех мамлекети менен келишим түзүп, алардын адистери менен бирге иш алып барабыз. Андан орчундуу проблема Миңкуштагы жайлар. Андагы көйгөйлөрдү чечүү үчн “РосАтом” менен келишим түзгөнбүз. Ал эми Сумсар, Шакавтардагы жайларды өзбүздүн министрликтин күчү менен калыбына келтирүү иштерин жүрүзүп жатабыз. Бирок бул жетишсиз.

Болотбек Айдаралиев ошондой эле Сумсар, Шакавтардагы уран калдыктары сакталган жайларды калыбына келтирип, коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы долбоорлор чет элдик уюмдарга сунушталгандыгын билдирди. Анын айтымында, эки жыл аралыгында өлкөдө болгон жаратылыш кырсыктарынан 1828 үй бүлө жапа чеккен, Жалпысынан 18 миң адамга мамлекеттен ссуда берүү каралса, учурда алардын 7 миңи эле ссуда менен камсыз болгон. Айдаралиев жратылыш кырсыктарын алдын алууда жана экология маселесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аймактын жашоочулары кайдыгер мамиле кылып атканына токтолду. Анын пикиринде, бардык маселени өкмөт чечет деп карап отурбай, жергиликтүү элдин да аракети зарыл.

- Бардык маселени өкмөттүн мойнуна артып салган болбойт. Ал жерде да эл-журт бар. Анан алар илгеркидей ашар жолу менен кээ бир иштерди өздөрү деле жасап коюшса болот эле да. Алардын колунан келбеген ишти өкмөт тарабынан аткарып берсек, биртоп жеңилдик болот эле. Дегинкиси жергиликтүү калктын экология, өзгөчө кырдаалдар маселесине мамилеси начар. Биз өзгөчө кырдаалдар жөнүндөгү мыйзамды эл арасына жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү деп атабыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча,1992-жылдан 2005-жылга чейин республика аймагындагы ар кандай чукул кырдаалдардан 580 адам каза болгон. Жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен мамлекет 420 млн. доллар өлчөмүндө чыгаша тарткан. Ал эми министрликке жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу үчүн жылына 300-350 млн. сом же мамлекеттик бюджеттин 2 пайызы бөлүнөт. Ошондой эле аталган министрликтеги чукул кырдаалдар үчүн атайын даярдалган техникалар эскирип, ар кандай өндүрүштүк жана жаратылыш кырсыктары болгон жерлерге тез жардам көрсөтүүдө кедергисин тийгизүүдө, дешет адистер.