Азербайжандын борборунда оппозициянын ири митинги болуп өттү

Азербайжандын негизги оппозициялык уюму, "Азадлыг" блогу кечээ күнү Бакы шаарында ири митинг өткөрдү, ага эки миңден үч миңге чейин адам катышты. Митингге уруксат берилген жана полиция анын катышуучуларын күч менен таркаткан жок, буга чейинки митинг-демонстрациялар учурунда болсо такай кагылышуулар болуп келген. Кечээки жыйын учурунда эстрадалык ырчылар дагы ырдады. Парламенттик шайлоо Азербайжанда 6-ноябрга белгиленген.