ЮНИСЕФ Пакистандагы абалга тынчсызданууда

ЮНИСЕФ октябрдын башындагы жер титирөөдөн жапа чеккен Пакистандын Кашмир провинциясына жардам тезинен көбөйтүлбөсө, дагы миңдеген киши өмүрүнөн ажырашы мүмкүн, деп эскертүүдө. Уюмдун аткаруучу директору Эн Фенеман аймакты кыдырып чыккандан кийин ич өткөк жана башка илдеттер, дарыланбаган жарааттар миңдеген кишилердин, өзгөчө жаш балдардын өмүрүнө коркунуч туудуруда, деп билдирди.

8-октябрда болгон зилзаладан 56 миңден ашык адам каза тапты, 1 миллиондон ашыгы үйсүз калып, жакындап келаткан кышты ачык асман алдында өткөрүү коркунучуна кабылды. Пакистан менен Индиянын өкмөттөрү бүгүн Кашмирдеги чегараны ачуу жөнүндө макулдашышты. Муну менен алыскы аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү ыкчамдамакчы.